​COVID-19: 135 учуру катталды. 1 бейтап каза тапты, 261 киши айыкты

  • 4 года мурун

17-августта айтылгандай, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 135 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 35;
Ош – 1;
Чүй облусу – 21;
Ош облусу — 13;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 3;
Ысык-Көл облусу – 15;
Жалал-Абад облусу – 25;
Баткен облусу-19.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
5 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 9 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 3035 медициналык кызматкерлер катталды, алардын ичинен 2342 медкызматкер айыкты.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 41 991ге жетти.

261 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны- 34 567ге жетти.

Бир сутка ичинде 1 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1496га жетти (пневмонияны эсепке алганда).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты