COVID-19: 272 учуру катталды. 2 бейтап каза тапты, 329 киши айыкты

  • 4 года мурун

15-августта айтылгандай, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 272 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 47;
Ош – 43;
Чүй облусу – 24;
Ош облусу – 28;

Талас облусу – 8;
Нарын облусу – 10;
Ысык-Көл облусу – 65;
Жалал-Абад облусу – 34;
Баткен облусу — 13.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 12 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
9 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 18 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 3018 медициналык кызматкерлер катталды, алардын ичинен 2315 медкызматкер айыкты.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 41 645 ке жетти.

329 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны- 33 951ге жетти.

Бир сутка ичинде 2 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1493 кө жетти (пневмонияны эсепке алганда).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты