Бишкекте жугуштуу дарттар ооруканасынын пайдубалы тургузулду

  • 4 года мурун

Бишкек шаарындагы жаңы эксперименталдык жугуштуу дарттар ооруканасында металл каркастуу түркүктөр жана устун көтөрүү иштери жүрүүдө.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Бардык төрт блоктун пайдубалы тургузулду. Долбоорлоого чейин котлованды топурак менен кайрадан толтуруу иштери дээрлик аткарылды.
Учурда, жеңил материалдарды орнотуу үчүн металл-каркастуу конструкцияларды ширетүү жана монтаждоо иштери боюнча 25 адис тартылган.
Ошондой эле объектте 12 атайын техника — экскаватор, самосвал,тегиздөөчү машина тартылды.
Объект боюнча долбоорлоо-сметалык документтер иштелип чыгууда жана мамлекеттик экспертиза жүргүзүлүүдө.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты