​Батукаевдин иши: Шаар соту биринчи инстанция өкүмүн күчүндө калтырды

  • 4 года мурун

Бишкек шаардык соту кримтөбөл Азиз Батукаевдин иши боюнча айыпталгандарга Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү күчүндө калтырды.

Шаардык сот мындай чечимди 14-августта чыгарганын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Сергей Слесарев кабарлады.

«Биринчи инстанциянын өкүмү толугу менен күчүндө калтырылды. Иш жүзүндө эч ким эч нерсени караган жок. Болгону биринчи чыккан өкүмдү формалдуу гана бекитип берип коюшту» деди Слесарев.

Адвокат мындан аркы иш-аракеттер шаардык соттун чечими колго тийгенден кийин чечилерин айтты.

Быйыл 23-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Эмилбек Каипов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча өзүн жана жакындарын мүлкүнөн ажыратуу менен 11 жыл, эки айга кескен.

Мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева да күнөөлүү деп табылып, ага беш миллион сом айыппул салынган. Ал мамлекеттик чиндеринен жана мамлекеттик наамынан ажыратылган.

Улуттук гематология борборунун мурдагы жетекчиси Абдухалим Раимжанов күнөөлүү деп табылып, кылмыш жообуна тартуу мөөнөтү өтүп кеткендиктен ага жаза чегерилген эмес.

ЖАМК төрагасынын мурдагы кеңешчиси Калыбек Качкыналиев күнөөлүү деп табылып, эки жылга эркинен ажыратууга өкүм чыккан. Бирок буга чейин камакта отурганын эсепке алганда, жазасын өтөп бүттү деп таанылып, сот залынан бошотулган.

Жактоочулар жана мамлекетке чегерилиши каралган мүлктүн ээлери соттун бул чечимине нааразы болуп шаардык сотко кайрылган. Алмазбек Атамбаев бул иш боюнча райондук жана шаардык сотто да жараяндарга катышуудан баш тарткан.

Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишин Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы 2019-жылдын январында кайра иликтей баштап, сентябрь айында мыйзамга шайкештигин текшериш үчүн Башкы прокуратурага жөнөткөн. Сотко иш ошол жылдын октябрында өткөн.

ИИМ бул иш Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде тергелгенин, шектүү 19 адамдын 14ү тергөө менен кызматташууга макул болгонун, иш 451 томдон турарын кабарлаган. Свердлов райондук соту тергөө менен кызматташкандардын алтооно 260 миң сомдон, төртөөнө 300 миң сомдон айып салды. Дагы төрт кишинин иши сотто каралып жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты