​Мамлекетттик ипотекалык компаниянын пайыздык чендери төмөндөйт

  • 4 года мурун

Коронавирус пандемиясынан пайда болгон кырдаалды эске алуу менен, Мамлекеттик ипотекалык компания насыяны төлөөдө кыйынчылыкка туш болгон жарандарга насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу боюнча жардам берүүдө.

Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элвира Абжапарова 13-августта өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, ипотекалык насыянын төлөө мөөнөтүн узартуу үчүн жаран насыя алган банкка арыз менен кайрылуусу керек. Банк кызматкери тарабынан ар бир арыз өз алдынча каралып чыгат.

Ушул жылдын апрель айынан баштап бүгүнкү күнгө чейин 1 миң жаранга 42 млн сомду түзгөн насыяны төлөө мөөнөтү узартылып берилген.

Ошондой эле насыянын пайыздык чени 1%дуу пунктка азайтылган. Пайыздык чендер 2018-жылдын 1-ноябрына чейинки бардык ипотекалык насыялар боюнча жылдык 8-10%дан 7-9%га чейин азайды (башкы төлөмгө жараша). Андан сырткары, пайыздык чендер жылдык 8-12% дан 7-11% га чейин азайды деди ал.

Мамлекеттик ипотекалык компания 5,5 миллиард сом суммасында 4,7 миңден ашык насыя берген. Акыркы 5 жылдын ичинде 16 миңден ашык адам турак жай менен камсыз болгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты