​COVID-19: 304 учуру катталды. 4 бейтап каза тапты, 304 киши айыкты

  • 4 года мурун

14-августтагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 304 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 73;
Ош – 19;
Чүй облусу – 24;
Ош облусу — 32;
Талас облусу – 14;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 56;
Жалал-Абад облусу – 39;
Баткен облусу — 42.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 15 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
3 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 14 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 3006 медициналык кызматкерлер катталды, алардын ичинен 2288 медкызматкер айыкты.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 41 373 кө жетти.

304 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны-33 622.

Бир сутка ичинде 4 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1491ге жетти (пневмонияны эсепке алганда).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты