​COVID-19: 310 учуру катталды. 3 бейтап каза тапты

  • 4 года мурун

13-августтагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 310 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 99;
Ош – 17;
Чүй облусу – 15;
Ош облусу — 35;
Талас облусу – 9;
Нарын облусу – 8;
Ысык-Көл облусу – 55;
Жалал-Абад облусу – 54;
Баткен облусу — 19.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 41 069га жетти.

Бир сутка ичинде 3 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1487ге жетти (пневмонияны эсепке алганда).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты