​Кыргызстан коммунисттер партиясы парламенттик шайлоодо ат салышпайт

  • 4 года мурун

Кыргызстан Коммунисттер партиясы Жогорку Кеңеш шайлоодо ат салышуудан баш тартты.

Бул тууралуу партия Борбордук шайлоо комиссиясына кабарлаганын БШК басма сөз кызматы билдирди.

БШК жыйынында бул маселени карады. Аталган партиянын ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо четке кагылды, алардын каттоо күбөлүгү жокко чыгарылды.

Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоону 2020-жылдын 4-октябрда өткөрүү боюнча жарлык чыккан.

Праламенттик шайлоого 44 партия катыша турган болгон. Эми 43 партия катышмакчы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты