Динара Оторбаева: Коронавирусту кайра жуктуруу мүмкүн эмес деп айтуу эрте

«Эгерде иммуноглобулин G аныкталса, анда адам бир аз убакыт мурун ооруп бүткөн. Бул учурда, бардык санитардык чараларды сактоо керек. Себеби, коронавирусту кайра жуктуруу мүмкүн эмес деп айтууга азыр эрте» деп билдирди саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы Динара Оторбаева.

12 -августтагы брифингде Динара Оторбаева буларга токтолду:

-Иммуноферменттик анализ (ИФА) М жана G иммуноглобулиндерин табууга багытталган бир ыкмасы.

Анын жыйынтыгында, адамда оору бар экендигин же ооруп бүткөндүгү аныкталып, статусун билүүгө болот.

ИФА анализи 11 жеке лабораторияда жүргүзүлөт. 21-июлдан баштап 12 –августка чейин бардыгы болуп 13 688 адам анализ тапшырган. Анын ичинен, 48,4%ы – иммуноглобулин М жана G оң деп табылды. Кыскача айканда, бул адамдардын арасында ооруп бүткөндөр же азыр ооруп жаткандары бар» деп билдирди саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин бөлүм башчысы Динара Оторбаева.

Эгерде иммуноглобулин М тастыкталса, биринчи кезекте изоляциялануу керек. Жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылуу зарыл. Эгерде симптомдор болсо, убагында дарылануу абзел. Мурун ПЦР-анализ тапшырбаса, коронавирусту аныктоо үчун ПЦР –анализ тапшырууга болот.

Эгерде иммуноглобулин G аныкталса, анда адам бир аз убакыт мурун ооруп бүткөн. Бул учурда, бардык санитардык чараларды сактоо керек. Себеби, коронавирусту кайра жуктуруу мүмкүн эмес деп айтууга азыр эрте, -деди Динара Оторбаева.

Ал эми буга чейин саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкары пульмонологу Талант Сооронбаев дарттан айыгып чыккан адам вирусту экинчи жолу кайра жугузуп алуу учурлары катталган эмес. Бул иммунитеттин пайда болушу менен байланыштуу. Ошондой эле, дарыланып чыккандан эки жумадан кийин, башка адамга вирус жуктуруу коркунучу жок, — деп билдирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты