Кыргызстандагы эпидабалды курчуткан вирустун чоо-жайы иликтенет

  • 4 года мурун

Кыргызстандан Германиянын Берлин шаарында жайгашкан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун референс-лабораториясына 100 даана биокаражат 7-августта жөнөтүлдү.

Бул боюнча КР саламаттык сактоо министрлигинин ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин лабораториялык сыноолор борборунун башчысы Айгүл Жумаканова айтты.

Анын айтымында ,эпидемиологиялык абал курчуган учурда топтолгон биоматериалдар илимий жактан кайра изилденмекчи.
Айгүл Жумаканова “Биздин адистер Кыргызстандагы илимий изилдөөлөргө түрткү берчү маанилүү жумуш аткарышты. Ар бир үлгү алынган жарандын аты-жөнү, илдетти жуктурган убактысы, канча күн ооруганы, сыркоодон айыкканы же каза болгон учуруна чейин документке катталып, даярдалды. Адистер таажы вирусуна оң жана терс жыйынтык көрсөткөн, пневмонияга кабылган бейтаптардан, илдеттен көз жумган маркумдардан алынып, топтолгон биокаражаттардын 100 даана үлгүсүн кайра текшерүү үчүн Германияга жиберишти. Лабораториялык кайра текшерүүлөрдүн жыйынтыктары сентябрь айына чейин келет деген ишеничтебиз.
100 даана үлгү Кыргызстандагы эпидемиологиялык абал курчуган июнь-июль айларында алынганын Айгүл Жумаканова баса белгиледи.

Анын айтымында Кыргызстандын ар кайсы аймагынан чогултулган биокаражаттар алгачкы жолу Германиянын Берлин шаарындагы лабораторияга жөнөтүлдү. Анын жыйынтыктарынын алкагында, өлкөдөгү кырдаал курчуган убакта өкүм сүргөн вирустун чоо-жайы, кайсы мамлекеттерден Кыргызстанга киргени аныкталат.

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты