ӨКМ: Сууга түшкөндө этият болгула!

  • 4 года мурун

2020-жылдын 11-августуна карата сууда ар кандай себептер менен 57 адам өлүмү катталган, алардын ичинен: 29 эркек, 5 аял, 14 бала жана 9 өспүрүм.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындайча эскертүү берди:

1. Сууга түшүүгө уруксат кылынган жайда, ал эми жаш балдар, бөбөктөр чоңдордун көзөмөлүндө түшүү керек;

2. Сууга түшүүгө мүмкүн болбогон жерлерге (агын суулар, көлмөлөр) сууга түшүүгө тыюу салынат. Ата-энелер – жаш балдарга өзгөчө көңүл буруңуздар ;

3. тааныш эмес, балыры көп, алыс жерлерге чейин барууга тыюу салынат;

4. Сууга мас абалында түшпөңүз;

5. Суу боюнда балдарды кароосуз калтырбаңыздар;

6.кайыктын, катамарандын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;

6.күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүгө болбойт;

7. Үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт, ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетет, бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да коркунучтуу;

8. Көпүрө, тосмо, кеме токтоочу жайдан, кайык жана катерден сууга секирүүгө болбойт.

9. Сууга чөгө баштаса, өзүн жоготпой, акырын шашпай, тынчтыкты кармоо менен өзүн-өзү сактап калууга мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы. 8-августта Орто-Токой суу сактагычында суу чөгүп кеткен кишини издөө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты