Мектепке чейинки балдар мекемелери кандай иштейт? Министрликтин 7 шарты

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билип берүү уюмдары жана даярдоо класстары кандай шартта иштей турганын түшүндүрдү.

Министрликтин айтымында:

1. 2020-2021-окуу жылында мектепке чейинки билим берүү уюмдары эпидемиялык кырдаалга карап, балдардын жана мугалимдердин ден соолугуна жана ѳмүрүнѳ коркунуч келтирбеген шарттарда, аймактык санэпид. кѳзѳмѳлдѳѳ борборлору жана жергиликтүү бийлик органдарынын чечиминин негизинде санитардык талаптарды сактоо менен ишмердигин жүргүзүшү керек;

2. Тиешелүү органдар тарабынан иштөөгө чечим чыккан бала бакчалар ишмердүүлүгүн ата-энелердин (мыйзамдуу өкүлдөрдүн) муктаждыгына ылайык жүргүзүшү керек;

3. Кырдаалга карап мектепке чейинки билим берүү уюмдары 3,10, 24 саат салттуу түрдѳ ишмердигин жүргүзүшү мүмкүн;

4. Ата-энелер менен макулдашуунун негизинде (билим берүү жана өнүктүрүү компонентин камсыздоо менен) кыска мөөнөнттүү (3 сааттык) тайпалардын ачылуусу мүмкүн.

5. алдардын саны аз болсо, “дежурный” тайпалар иштеши да мүмкүн;

6. Ар түрдүү курактагы балдар үчүн тайпалар ачылышы мүмкүн;

7. “Балалык” программасынын негизинде даярдалып жаткан видеоматериалдарды көрүү жана кайтарым байланыш уюштуруу аркылуу кырдаалга жараша дистанттык форматта да ишмердик жүргүзүлүшү мүмкүн.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты