​COVID-19: 278 учуру катталды. 4 бейтап каза тапты, 535 киши айыкты

  • 4 года мурун

11-августтагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 278 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 104;

Ош – 19;
Чүй облусу – 21;
Ош облусу — 34;
Талас облусу – 3;
Нарын облусу – 13;
Ысык-Көл облусу – 17;
Жалал-Абад облусу – 40;
Баткен облусу — 27.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 8 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 26 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 2967 –учур катталды, алардын ичинен2212 медкызматкер айыкты.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 40 455ке жетти.

535 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 32 764.

Бир сутка ичинде 4 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны1478ге жетти (пневмонияны эсепке алганда).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты