Бишкекте дагы 182 медкызматкер Ысык-Көлгө эс алууга жиберилди
- 4 года мурун
10-августта Бишкек шаарынан 182 медициналык кызматкер организмди калыбына келтирүү максатында Ысык-Көлгө, “Алтын жай» пансионатына эс алууга жиберилди.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Ысык-Көлдө медициналык кызаткерлер жети күн болуп, ден соолугун чыңдап, организмди калыбына келтиришет.
Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин Бишкек шаарынан 4-августта Бишкек шаарынан 54 медицина кызматкери Ысык-Көлгө реабилитациялык эс алууга жөнөгөн. Алар “Дилорам” эс алуу үйүндө эс алган.
8-августта Бишкек шаарындагы саламаттык сактоо уюмдарынын кезектеги 95 медицина кызматкерлерин Ысык-Көл облусундагы “Дилорам” пансионатына ден соолугун калыбына келтирүү үчүн жөнөтүлгөн.
Сүрөт: med.kg