​COVID-19: 332 учуру катталды. 8 бейтап каза тапты, 541 киши айыкты

  • 4 года мурун

9-августтагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 332 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 108;
Ош – 27;
Чүй облусу – 31;

Ош облусу — 47;
Талас облусу – 15;
Нарын облусу – 9;
Ысык-Көл облусу – 25;
Жалал-Абад облусу – 33;
Баткен облусу — 37.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
6 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 38 медициналык кызматкер айыгып чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында –2948 учур катталды, алардын ичинен 2141 медкызматкер айыкты.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 39 919 га жетти.

541 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 31 822ге жетти.

Бир сутка ичинде 8 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1468ге жетти (пневмонияны эсепке алганда).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты