​Салык кызматынын башкармалык башчысы Майрамбек Молдобеков пневмониядан көз жумду

  • 4 года мурун

Мамлекеттик салык кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын башчысы Майрамбек Молдобеков 52 жаш курагында пневмония дартынан улам дүйнөдөн кайтты.

Майрамбек Молдобеков 1968-жылы Талас облусунун Талас районунда туулган. 1994-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук институтун аяктаган. Салык кызматынын 1-рангдагы кеңешчиси.

Эмгек жолун 1989-жылы Фрунзе политехникалык институтунда лаборант болуп иштөөдөн баштаган.

1992-1993-жылдары Фрунзе тамеки фабрикасында контролер, 1996-1999-жылдары ИИМ катарында кызмат өтөгөн. Андан кийинки эки жылда Бишкек шаардык Биринчи Май районунун калкты социалдык коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары, 2001-2008-жылдары Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук администрациясынын көрктөндүрүү комбинатынын башчысы болгон.

2009-2012-жылдары Октябрь району боюнча салык органынын башчысынын орун басары, андан соң Ысык-Көл облусунун губернаторунун жардамчысы болуп бир жыл эмгектенген.

Каракол шаары, Жайыл жана Свердлов райондору боюнча салык органынын жетекчиси, салык кызматынын Октябрь району боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеген

2019-жылдан тартып Салык кызматынын Чүй жана Талас облустары боюнча ЕАЭБдин алкагында кыйыр салыктар менен иштөө башкармалыгынын начальниги кызмат ордун ээлеген.

Майрамбек Молдобековдун артында бир кызы жана эки уулу калды.

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчилиги жана жамааты Майрамбек Молдобековдун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты