​Ошко Новосибирскиден 154 кыргызстандык кайтты. Арасында 3 дарыгер бар

  • 4 года мурун

«Ош» эл аралык аэропортуна 8-августта «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Новосибирск–Ош багыты боюнча чартердик каттамы учуп келди.

Бул каттам менен Россиядан Кыргызстандын 154 жараны, анын жаш балдар да бар.

Чартердик каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу ишинин алкагында ишке ашырылган.

Бул каттам менен кыргызстандыктар Новосибирск, Красноярск, Иркутск, Түштүк-Сахалинск, Хабаровск, Владивосток, Чита, Якутск, ошондой эле Сибирь федералдык округунун башка шаарларынан келишти.

Бул каттам менен Кыргызстанга ошондой эле 3 дарыгер мекендешибиз кайтып келди, алар коронавирус инфекциясы жана өпкөнүн сезгенишине чалдыккан жарандарыбыздын өмүрү менен ден соолугу үчүн Кыргызстандагы кесиптештерине жардам беришмекчи.
Андан сырткары аталган борт менен Новосибирсктеги мекендештер тарабынан даярдалган 800 миң рубль өлчөмүндөгү медициналык гуманитардык жардам келди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты