​Талант Сооронбаев: Коронавирусту экинчи жолу жугузуп алган учур катталган эмес

-Дарттан айыгып чыккан адам вирусту экинчи жолу кайра жугузуп алуу учурлары катталган эмес. Бул иммунитеттин пайда болушу менен байланыштуу. Ошондой эле, дарыланып чыккандан эки жумадан кийин, башка адамга вирус жуктуруу коркунучу жок, — деп билдирди саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы пульмонологу Талант Сооронбаев брифингде.

Адистин айтымында, айыккан бейтаптарда бир же андан көп белгилер эки айга чейин сакталышы мүмкүн. Мисалы, алсыздыгы, көкүрөк оорусу, баш оорусу жана башкалар. Бул симптомдор кайра вирус пайда болду дегендик эмес. Аны кайрадан дарылоого зарылчылык жок. Себеби организмдин калыбына келүүсү узакка созулат. Ал эми, үйгө чыгарылгандан кийин дагы белгилери пайда болуп, адамдын ден соолугу начарласа, үй-бүлөлүк дарыгерлерге кайрылуу керек. Анткени, бул башка оорунун белгилерин билдириши мүмкүн.

Эгерде башка органдардын ооруларынын, алсак өпкө оорулар, жүрөк-кан-тамыр ж.б. белгилери болсо,үй-бүлөлүк дарыгерге, андан кийин профилдик адистерге кайрылуу керек. Ошондой эле, өпкөдөгү тактар бир топ убакытка сакталат, андыктан бир айдан кийин компьютердик томография же рентген сүрөттөрүндө белгилери кала берет.

Ар бир бейтаптын реабилитациясы ар кандай өтөт. Дарыгер жазып берген сунуштарын так аткарыңыздар. Өз алдынча дарыланууга болбойт жана бекитилбеген, такталбаган кеңешмелерди колдонбогула, — деп кошумчалады Талант Сооронбаев.

8-августтагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 425 учуру катталды.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты