​Медакадемияда кошумча бюджеттик орундар бөлүндү

  • 4 года мурун

Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен 2020-2021- окуу жылында Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жана Ош мамлекеттик университетинде кошумча бюджеттик орундар бөлүндү.

Бул тууралуу министрликтин өкүлү Айгүл Бообекова 7-августтагы брифингде билдирди.

Анын айтымында, жаңы окуу жылында Медакадемияда «Дарылоо иши» адистиги — 210 орунга, «Медициналык – профилактикалык иши» адистиги — 60, «Педиатрия» адистиги — 40, «Медайымдык иш» адистиги 10 орунга көбөйтүлдү.

Ош мамлекеттик универтитетинин медицина факультети үчүн 80 бюджеттик орун бөлүнгөн. Окуу жайында «Дарылоо иши» адистиги 40 орунга, «Медициналык – профилактикалык иши» адистиги — 20, «Педиатрия» адистиги 15 орунга көбөйтүлдү.

Ошондой эле «Пульмонология» адистигине 35 орун, «Тез медициналык жардам» адистигине — 12, «Клиникалык лабораториялык диагностика» адистигине 20 орун кошумча кабыл алынат.

Ординатура боюнча «Эпидемиология» — 30, «Инфекциялык оорулар» — 22, «Микробиология» — 30, «Реаниматология» — 26га көбөйдү. Жалпысынан ординатурада кошумча 250 бюджеттик орун бөлүү боюнча маселе каралып жатат.

Саламаттык сактоо министрлиги бул чечимди дарыгерлердин жетишсиздигин жоюу аракети катары түшүндүрдү.

Коронавирус эпидемиясы башталган март айынан бери Кыргызстанда көптөгөн ооруканаларда дары-дармек, медицина кызматкерлери, алардын коргонуучу кийимдери, ооруканада орун жетишсиз экени жана саламаттык сактоо тармагындагы бир катар кыйынчылыктар ачыкка чыкты.

Иллюстрациялык сүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты