​Тажикстанда президенттик шайлоо 11-октябрда өтөт

  • 4 года мурун

Тажикстан парламентинин жогорку палатасы (Мажлиси Оли) өлкөдө президенттик шайлоону 11-октябрда өткөрүү чечимин кабыл алды.

Тажикстанда президенттик шайлоо өткөрүү жөнүндөгү токтомду парламенттин эки палатасы тең жактырды. Бул тууралуу “Озоди” радиосуна Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын жетекчиси Навруз Самадзода билдирди.

Мыйзамга ылайык, саясий партиялар, облустук, шаардык жана райондук кошуундардын бирикмелери президенттикке талапкерлерди көрсөтө алышат. Өлкөдө акыркы жолу президенттик шайлоо 2013-жылы 6-ноябрда өткөн.

Тажикстанда президент 7 жылдык мөөнөткө шайланат. Өлкө аймагында 10 жылда кем эмес жашаган, тажик тилин билген, жогорку билимдүү жана 30 жаштан жогорку кишилер талапкер боло алат.

Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келе жаткан азыркы президент Эмомали Рахмон – негизги талапкерлердин бири. Дээрлик 28 жылдан бери шайлоо жөнүндөгү мыйзамдар бир нече жолу өзгөрүп, Рахмондун бийликте чектөөсүз калышына жол ачылып келген.

Эл аралык уюмдардын пикиринде, Тажикстанда шайлоолор бир да жолу ачык-айкын, эл аралык стандарттарга шайкеш өткөн эмес.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты