​Улуттук статкомдун төрагасынын орун басары Кошой Исалиев пневмониядан каза тапты

  • 4 года мурун

Улуттук статистика комитети төраганын орун басары Кошой Исалиев 63 жаш курагында эки тараптуу пневмониядан каза болгонун кабарлады.

Кошой Исалиев эмгек жолун 1999-жылы Чүй-Токмок мамлекеттик статистиканын аймактык бөлүмүнүн жетекчиси катары баштаган. Ал 1999-жылы өткөн Биринчи улуттук эл каттоо, 2009-жылкы эл жана турак-жай каттоо сыяктуу ири масштабдуу иш чараларды жетектеген, ошондой эле 2002-2003-жылдары жүргүзүлгөн Биринчи айыл-чарбалык каттоонун башында туруп, анын жыйынтыгында Чүй-Токмок мамлекеттик статистиканын аймактык бөлүмү республика боюнча биринчи орунду алган.

2013-жылы Кошой Овосбекович Улутстаткомунун башкы эсептөө борборунун башчысы болуп дайындалса, 2014-жылы – мамлекеттик статистиканын Бишкек шаардык башкармалыгын жетектеген.

2019-жылдын февраль айында Кошой Исалиев Улутстаткомунун төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Ал республиканын аймагында 2020-жылыбелгиленген эл жана турак-жай каттоо тармагын көзөмөлдөп, даярдык иштерине чоң салымын кошкон.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен сыйланган. статистика тармагынын отличниги.

Улуттук статистика комитетинин эмгек жамааты маркумдун туугандары менен жакындарынын ыйын тең бөлүшүп, терең кайгыруусун билдирет.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты