​COVID-19: 549 учуру катталды. 9 бейтап каза тапты, 589 киши айыкты

  • 4 года мурун

6-августтагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 549 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 162;
Ош – 81;
Чүй облусу – 38;
Ош облусу — 71;
Талас облусу – 36;

Нарын облусу – 12;
Ысык-Көл облусу – 45;
Жалал-Абад облусу – 44;
Баткен облусу — 60.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны — 38 659..

589 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 30 099га жетти.

Бир сутка ичинде 9 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1447ге жетти (пневмонияны эсепке алганда).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты