​Өлкөдө соңку эки жумада коронавирус менен ооругандардын саны 40% азайды

  • 4 года мурун

Кыргызстанда коронавирус боюнча абал жалпысынан дагы эле оор. Бул тууралуу 5-августта премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Өкмөт башчы айыккандар көбөйүп, жаңы катталгандар азайып баратканын жакшы көрүнүш катары баалап, бирок оорунун экинчи толкуну келбейт деп эч ким кепилдик бере албай турганын айтты.

Боронов белгилегендей, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) усулу боюнча, 14 күндө жаңы катталгандардын көбөйүш ыргагы Кыргызстанда 39,2% кемиди. Бирок оорунун күчөп кетүү коркунучу сакталып турат.

«Муну бизге чейин коронавирустан өткөн өлкөлөрдүн ахыбалынан байкоого болот. Биз да эгер санитардык-гигиеналык нормаларды сактабасак, тиешелүү чара көрбөсөк, кайрадан күчөп кетүү коркунучу сакталууда. Абал дагы эле оор» деди ал.

Бул арада Бишкек шаарындагы айрым стационарлар бейтаптар аз келе баштагандыктан өз ишин токтотту. Бүгүнкү күнгө карата «Сейтек»,№95, 83, 81 жана 94-мектептер, «Арал» кафесиндеги күндүзгү жана «Салтанат» ресторанынын базасындагы түнкү дарылоо жайлары жабылды.

Мэриянын маалыматына караганда, бир ай ичинде күндүзгү стационарларга 84 миң 689, түнкү стационарларга 8 миң 688 киши кайрылган.

Оору күчөп турганда Бишкекте 16 стационар ачылган, алардын ичинен үчөө түнкүсүн кызмат көрсөткөн.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айында башталган. Андан бери бул илдет жуккандардын расмий саны 38 110 адам болду, алардын 29 510у айыгып чыкты, 1 438и каза болду.

Сүрөт:www meria.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты