​COVID-19дан каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөсүнө Президент көңүл айтты

  • 4 года мурун

Президент Сооронбай Жээнбеков медицина кызматкерлеринин COVID-19 дан дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгына байланыштуу алардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

«Тилекке каршы, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүүдө алдыңкы сапта жүрүп, көз жумган медицина кызматкерлеринин катарлары дагы бир канча ысымдар менен толукталды. Алар пандемиянын бардык кыйынчылыгын биринчилерден болуп баатырдык менен тосуп алып, анын кесепеттерин жоюу үчүн күнү-түнү талыкпастан эмгектенген адамдар.» деп кайгыруу менен белгиледи мамлекет башчы.

Алар:

— Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн анестезиолог-реаниматологу Сарыбагыш Иманалиев;

— Ысык-Көл районунун саламаттыкты сактоо боюнча координатору Бүбүайым Жээнбаева;

— Чүй районунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директорунун орун басары Күлжамал Жумабаева;

— Бишкек шаарындагы № 1 шаардык клиникалык оорукананын тез терапия бөлүмүнүн башчысы Бегайым Исакова;

— Ак-Талаа райондук ооруканасынын хирургу Кубанычбек Карагулов;

— Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун фельдшери Валерий Гауп.

Саламаттык сактоо министрлигинин 30-июлдагы маалыматына караганда, коронавирустан 73 медицина кызматкери каза болду.

Эпидемия башталгандан бери бул илдет 2874 медициналак кызматкерге жукту, алардын 1934ү айыкты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты