​Темир Сариев “Ата Мекен” өнөктөштүгүнөн чыкмай болду

  • 4 года мурун

«Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев“Ата Мекен” партиясынын альянсынан чыга турган болду.

Бул маалыматты Темир Сариев ЖМКга тастыктады.

Азырынча кетүүнүн себеби тууралуу тараптар билдире элек.

5-июнда Кыргызстанда бир катар саясатчылары «Жаңы дем» аттуу ураан алдында стратегиялык өнөктөштүккө бириккенин жарыя кылды. Алар шайлоого да чогуу аттанышарын айтышкан.

Меморандум 5- июнда кабыл алынган. Меморандумга Өмүрбек Текебаев («Ата Мекен» социалисттик партиясы), Темир Сариев («Ак шумкар» саясий партиясы), Жанарбек Акаев (Кыргыз либералдык-демократиялык партиясы), Рыскелди Момбеков (Социал-демократиялык тобу), Тилек Токтогазиев («Жаңы Дем» жаштар бирикмеси) жана Азамат Темиркулов («Жашыл күчтɵрдүн коалициясы») кол коюшкан.

Сүрөт: Альянска кирүү учурундагы сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты