​25 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды

  • 4 года мурун

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 25 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Анын ичинен:

• Бишкек шаарында – 2;
• Ош шаарында – 8;
• Ош облусунда – 3;
• Жалал-Абад облусунда – 4;
• Ысык-Көл облусунда – 5;
• Чүй облусунда – 3.

Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 36 медициналык кызматкер чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2854 учур катталды, алардын ичинен 1894 медкызматкер айыгып чыкты.

Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

4-августта COVID-19 вирусунун 412 учуру катталды. 7 бейтап каза тапты, 816сы айыкты

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты