​COVID-19: 412 учуру катталды. 7 бейтап каза тапты, 816сы айыкты

  • 4 года мурун

4-августтагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 412 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 114;
Ош – 43;
Чүй облусу – 37;
Ош облусу — 39;
Талас облусу – 17;

Нарын облусу – 21;
Ысык-Көл облусу – 41;
Жалал-Абад облусу – 70;
Баткен облусу — 30.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 37 541ге жетти.

816 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 28 743кө жетти.

Бир сутка ичинде 7 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1427ге жетти (пневмонияны эсепке алганда).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты