​Өзбекстанда аткаминерлер муктаждарга багытталган акчаны уурдоого айыпталууда

  • 4 года мурун

Наманганда жумушсуздарга багытталган 216,2 миллион сум (21 миң доллар) бюджеттик каражат уурдалды.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, Наманганда Иш менен камсыздоого көмөктөшүү борборунун кызматкерлери жалган документтерди даярдашып, коомдук иштерге 204 киши тартылганы тууралуу отчет беришкен.

Документте аты аталган кишилер борборго иш издеп кайрылышкан эмес. Аткаминерлер документтерди жасалмалоо жолу менен 216,2 миллион сумду кымырып алышкан.

Борбордун кызматкерлерине карата “Каражатты уурдап алуу же коромжуга учуратуу”, “Документ жасалмалоо” беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

7-июлда Ташкентте «Махалла» кайрымдуулук фондунун кызматкерлери социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөргө багытталган 95,8 миллион сумду (9,3 миң доллар) уурдап алышканы белгилүү болгон.

Бул тууралу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты