COVID-19: 410 учуру катталды. 11 бейтап каза тапты, 653 айыкты

  • 4 года мурун

3-августта берилген маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 410 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 94;
Ош – 47;
Чүй облусу – 33;
Ош облусу — 79;
Талас облусу – 8;
Нарын облусу – 12;
Ысык-Көл облусу – 66:

Жалал-Абад-37;
Баткен облусу — 34.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 20 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Ал эми бир суткада 8 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 33 медициналык кызматкер чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2829 учур катталды, алардын ичинен 1853 медкызматкер айыкты

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 37 129га жетти.

653 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 27 927ге жетти.

Бир сутка ичинде 11 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1420ге жетти (пневмонияны эсепке алганда).

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты