​Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары кармалды

  • 4 года мурун

2-августта Казакстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Олжас Абишев кармалды. Ал бюджеттик каражатты уурдаган деп шек саналууда.

Абишев министрдин орун басары кызматына 2018-жылы дайындалып, мекеменин санариптештирүү жана маалыматтык коопсуздук тармагын тейлеп келген.

Буга чейин өлкөнүн коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын башчысы эки министрликте иштеген жогорку даражалуу эки аткаминерге кылмыш иши козголгонун билдирген.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-июлдагы жыйында коронавирус эпидемиясына байланыштуу «бардык акимдер жана бир катар министрлер сөгүшкө татыктуу экенин» айткан

Сүрөт: www mz.gov.kz

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты