​COVID-19: 420 учуру катталды. 12 бейтап каза тапты, 848 киши айыкты

  • 4 года мурун

2-августта берилген маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 420 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 112;
Ош – 19;
Чүй облусу – 13;
Ош облусу – 55;
Талас облусу – 8;
Нарын облусу – 15;

Ысык-Көл облусу – 98;

Жалал-Абад облусу – 79;

Баткен облусу – 21.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 19 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 41 медициналык кызматкер чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2809 учур катталды, алардын ичинен 1812 медкызматкер айыкты

Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 36 719га жетти.

848 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 27 274кө жетти.

Бир сутка ичинде 12 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1409га жетти (пневмонияны эсепке алганда).

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты