​Санкт-Петербургдан 173, Таиланддан 7 кыргызстандык кайтты

  • 4 года мурун

Бишкекке Санкт-Петербургдан 173 жана Таиланддан 7 кыргызстандык жаран кайтып келди.

Кыргызстанга «Тез Джет» авиакомпаниясынын Санкт-Петербург – Бишкек багыты боюнча Россиядан 173 КР жараны 1-августта кайтып келди, алардын арасында жаш балдар да бар.

Ошондой эле дагы бир каттам менен 1-августта КР ТИМи Казакстан тарабы менен биргеликте Таиланддан 7 КР жаранын кайтаруу иши жүзөгө ашырды.

Биздин жарандар «SCAT Airlines» казакстандык авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Бангкок шаарынан Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна учуп келип, Бишкек шаарына атайын транспорт менен чыгарылган.

Аталган каттамдар дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында ишке ашырылган.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Сүрөт: Саккт-Петербургдан келгендер. ТИМ.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты