​COVID-19: 494 учуру катталды. 19 бейтап каза тапты, 900 киши айыкты

  • 4 года мурун

1-августтагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 494 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек шаары — 112;
Ош шаары– 66;

Чүй облусу-33;
Ош облусу — 95;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 16;
Ысык-Көл облусу – 94;
Жалал-Абад облусу – 53;
Баткен облусу — 23.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 36 299га жетти.

900 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 26 926га жетти.

Бир сутка ичинде 19 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны жетти 1397 (пневмонияны эсепке алганда).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты