​COVID-19: 662 учуру катталды. 14 бейтап каза тапты, 1052 киши айыкты

  • 4 года мурун

31-июлда берилген маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 662 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек – 221;

Ош – 52;

Чүй облусу – 42;
Ош облусу — 81;
Талас облусу – 22;
Нарын облусу – 13;
Ысык-Көл облусу – 82;
Жалал-Абад облусу – 102;
Баткен облусу — 47.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 25 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.
Ал эми бир суткада 6 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 44 медициналык кызматкер чыгарылды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2768 учур катталды, алардын ичинен 1714 медкызматкер айыкты

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирли.

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 35 805ке жетти.

1052 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 25 526 га жетти.

Бир сутка ичинде 14 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1378ге жетти (пневмонияны эсепке алганда).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты