​COVID-19: 631 учуру катталды. 17 бейтап каза тапты, 1131 киши айыкты

  • 4 года мурун

30-июлда берилген маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 631 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек шаары — 118;
Ош шаары – 89;
Чүй облусу – 81;
Ош облусу — 74;
Талас облусу – 27;
Нарын облусу – 13;

Ысык-Көл облусу – 94;
Жалал-Абад облусу – 85;

Баткен облусу – 50.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирли.

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 35 143 кө жетти.

1131 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны 24 474кө жетти.

Бир сутка ичинде 17 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны 1364 кө жетти (пневмонияны эсепке алганда).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты