​Казакстанда 1,8 млн киши 42500 теңгеден (100 доллар) жардам алды

  • 4 года мурун

Казакстанда карантин учурунда кирешесинен ажырагандарга төлөнө турган 42 500 теңге (100 доллар) көлөмүндөгү каржылай жардам 1,8 миллион адамга берилди.

Эмгек жана калкты социалдык жактан коргоо министрлиги тараткан маалыматка ылайык, 28-июлга карата 2,2 миллион киши жардам алуу өтүнүчү менен арыз жазган. Анын ичинен 1,9 миллионуна жардам берүү чечими чыгып, 1 миллион 820 миңине акча которулган.

Буга чейин казак өкмөтү карантин чаралары кайра күчөтүлгөндөн кийин кирешесиз калган адамдарга жардам берилерин кабарлаган. Аны жумушчулар, жеке ишкерлер, өзүн-өзү иш менен камсыздагандар, фрилансерлер ала алат.

Жардам алуучулардын тизмесине пенсия же жөлөк пул, анын ичинде даректүү социалдык жардам алып жүргөндөр киргизилген жок. Арыз 1-сентябрга чейин кабыл алынат.

Күн мурун Казакстандын саламаттык сактоо министри Алексей Цой 3-августтан баштап карантин чаралары жумшартылышы мүмкүн экенин билдирген.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты