​АКШда пандемия маалында калкка жардам берүү боюнча кезектеги мыйзам долбоору даярдалды

  • 4 года мурун

АКШ бийлиги пандемия маалында калкка бир триллион доллар көлөмүндө жардам берүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Бул тууралуу АКШнын каржы министри Стивен Мнучин Fox News телеканалына берген интервьюсунда билдирди. Долбоордо үй-бүлөлөргө 1200 доллардан төлөп берүү жагы да каралган.

Ак үй президент Дональд Трамп мыйзам долбоорун колдогонун билдирди. Бүгүн республикачылар документти Конгресске алып чыгат. Буга чейин демократтар да жардам берүү демилгесин көтөргөн. Бирок долбоор үч эсеге кымбат турган. Документти Өкүлдөр палатасы колдоп, бирок републикачылар көзөмөлдөгөн Сенат артка кайтарган.

Пандемия башталгандан бери Вашингтон экономиканы жана калкты колдоо үчүн 3 триллион доллар бөлдү.

АКШ COVID-19дан көбүрөөк жабыркаган өлкө болуп эсептелет. Расмий маалыматтар боюнча ооруну жуктуруп алган кишилердин саны төрт миллиондон ашты, 150дөй бейтап көз жумду.

Дүйнө жүзү боюнча жалпысынан 16, 5 миллион кишиден вирус аныкталды. Каза тапкандарлын саны 650 миңден ашты.

Сүрөт: AP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты