​БШК шайлоо алдындагы үгүт иштерине 210 ЖМКны аккредитациялады

  • 4 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөдөгү парламенттик шайлоо адындагы үгүт иштерин чагылдырууга 210 ЖМКны аккредитациялады.

Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Аккредитациядан 57 телекомпания, 52 гезит-журнал, 26 радиостанция, 75 интернет басылма өттү.

Үгүт иштери 4-сентябрда башталат. 20-августка чейин саясий партиялар съезд өткөрүп, депутаттыкка талапкердердин тизмесин түзүшү керек.

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтө тургандыгы боюнча жарлыкка Президент кол койгон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты