​Евробиримдик Борбор Азияда COVID-19 менен күрөшүү программасын ишке киргизди

  • 4 года мурун

Европа Биримдиги «Борбор Азия өлкөлөрүндөгү COVID-19: кризиске карата аракет көрүү» (CACCR) программасын ишке киргизди.

Долбоор эки жылга негизделген, бюджети 3 миллион еврону түзөт.

Бул тууралуу ЕБнын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматта программа пандемия маалында Борбор Азия өлкөлөрүндөгү саламаттык сактоо системасынын керектөөлөрүн камсыздоого багытталганы белгиленген.

Программанын алкагында Кыргызстанда тестирлөө жана лабораториялык диагностика мүмкүнчүлүктөрү күчөтүлөт. Медицина кызматкерлери үчүн сапаттуу жеке коргонуу каражаттары берилип, профилактикадагы боштуктар иликтенет.

Программа үч баскычтан турат, биринчи айлампада ушул тапта зарыл болгон жардам берилет. Экинчисинде – оорунун жайылуусу басаңдаганда COVID-19 вирусунун экинчи толкунуна карата даярдык көрүлөт. Аягында туруктуу, натыйжалуу жана бекем саламаттык сактоо системасынын түзүүгө жана колдоого багытталган иштер жасалат.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты