​Дагы 22 медкызматкерден коронавирус аныкталды

  • 4 года мурун

27-июлга карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Анын ичинен:
• Чүй облусунда – 3;
• Ош шаары – 1;
• Ош облусунда – 6;
• Жалал-Абад облусунда – 7;
• Баткен облусунда – 4;
• Нарын облусунда – 1.

Ал эми бир суткада 12 медициналык кызматкер ооруканадан чыгарылды. Мындан сырткары үй карантининен 48 медициналык кызматкер чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2683 учур катталды, алардын ичинен 1478 медкызматкер айыкты.

27-июлдагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 483 учуру катталды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты