​Бир күндө 28 медкызматкерге коронавирус жукту

  • 4 года мурун

26-июлга карата бир сутка ичинде өлкө боюнча 28 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Анын ичинен:
• Бишкек шаарында – 5;
• Чүй жана Ош облустарында – 6дан;
• Ош шаарында – 4;
• Талас жана Жалал-Абад облустарында – 2ден;
• Баткен облусунда – 3.
19 медициналык кызматкер ооруканадан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 60 медициналык кызматкер чыкты.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 2661 учур катталды, алардын ичинен 1384 медкызматкер айыгып чыкты.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты