​Россиядан кыргызстандыктар кайтты. Новосибирскидеги мекендештердин жардамы кошо келди

  • 4 года мурун

25-июлда « Сибирь (S7)» авиакомпаниясынын Новосибирск–Ош багыты боюнча Кыргызстандын 184 жараны кайтып келди, алардын ичинде балдар, студенттер да бар.

Бул тууралуу ТИМ маалымат департаменти билдирди.

Бул каттам менен Иркутск, Сахалин, Томск облустарындагы жана Саха-Якутиядагы мекендештер кайтып келишти.

Аталган каттам менен Новосибирскидеги кыргыз диаспорасы тарабынан жалпы суммасы 500 миң рублга барабар дары-дармектерден турган гуманитардык жардам келди.

Ошондой эле 25-июлда «Авиа траффик компани» авиакомпаниясынын Москва-Ош багыты боюнча 160 кыргызстандык жаран кайтты.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты