​Кыргызстан: быйыл туризмди жергиликтүүлөр гана колдоп бере алат

Баяндар

Быйыл туризм тармагы пландаган 700 млн долларын иштеп таппайт окшойт. Бул тармактын кызматкерлери күндөлүк чыгымдарын эч болбосо ички туристтердин эсеби менен жабууну үмүт кылышууда. Ошондо да алардын бул чыгым беренесине каражаты болуп калса. Тоо туризми Кыргызстандын туристтик тармагына чет элдик валютаны түшүргөн негизги булак болуп эсептелет.

Бул макаланын оригиналы CABAR.asia аналитикалык платформанын веб-сайтында жайгаштырылган.

Караколдун 36 жаштагы жашоочусу Советбек Качкынбаев туристтерди кабыл алуу менен үч жылдан бери алектенип келет. Жай айлары – апрелден октябрга чейин анын чакан отелине орточо эсеп менен эки миң адам келет. Шаарга келген туристтердин 90%ы ЕС, АКШ, Австралия жана Япония өлкөлөрүнүн жарандары. Каракол алар үчүн Чолпон-Ата же Бостериге караганда абдан популярдуу. Алардын ичинде Россия жана Казакстандын туристтеринин саны бир пайыздан аз.

«Каракол – бул узак сапарга даярдык көрүүчү жер. Чет өлкөлүктөр бул жерде азык-түлүгүн, чатырчасын даярдашат, эс алып алат да, бир нече суткага тоого чыгып кетишет. Андан соң кайра кайтышат да, биздикинде бир-экеи күнгө калып, музейлерге жана бул жердеги кызыктуу жерлерге барып көрүшөт – дейт Качкынбаев – Бул биздин жерди эмне мамлекет экендигин көргөнү келген туристтер. Алар өзүлөрүнө күндө бир кызыктуу нерсе ачкысы келген адамдар. Ошондуктан, бир жерде 2-3 күндөн ашык турушпайт.

Коронавирус пандемиясынын айынан бул жылы туристтик сезон зыян тартты. Качкынбаевдин сөзү боюнча ал гана эмес, эмки жылдын май айына чейин өткөн жылдагы көрсөткүчтүн 50 пайызы аткарылса деле сүйүнмөк.

«Туристтерди эмки жылдын апрелине чейин күтпөй деле калдык чек араларды ачканда да. Эгер келишсе дагы бирин-экини келээр. Кышында курортко, тоого чыгып лыжа тебүүчү бишкектиктерге ишенип жатабыз. Эч болбосо жылуулукка кетчү чыгымды төлөп, артка кетпесек болду. Чет элдиктер үчүн биз япон ашканасынын тамактарын даярдачубуз, бул кымбатыраак ырахат. Альтернативдүү варинт катары аны болушунча жергиликтүү сатып алуучуларга ыңгайлаштырабыз же Чолпон-Атага 2 айга барабыз. Россиялыктар жана казакстандыктар жайында баары бир Ысык-Көлгө келишет деп ойлойм. Бирок бул али так эмес», – деп кошумчалайт ал.

Максат Дамир уулу. Фото: Өкмөттүн маалымат кызматы

Брондолгон турлардан баш тартуулар жөнүндө Кыргызстандын Туризм департаментинин башчысы Максат Дамир уулу март айынын башында эле билдирген. Бир айдан соң Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин башчысы Азамат Жаманкулов Кыргызстанга келе турган туристтердин саны 80%га кыскарат деген болжолдогон маалымат менен чыкты. Май айында чет мамлекеттиктердин сүйлөшүлгөн турлардан толугу менен баш тарткандыктары билинди.

2019-жылы 613 млн доллар өлчөмүндөгү киреше алган соң, быйыл 700 млн доллар киреше табуу пландалып жаткан.

«Июль же август айларынан баштап чек аралар ачылат деген үмүт бар, бирок, эми баягы деңгээлге жете албайбыз – бейт КР Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу. – мурдагы жылдын көрсөткүчүнүн 20-25 пайызын чогултабыз деген ой бар. алдын ала болжолдоо азыр өтө кыйын. Пандемия дагы кандай болоорун эч ким алдын ала айта албайт. Бир жерде басаңдап жатат, кайра туруп оору жугузгандардын санынын көбөйгөнүн көрүп жатабыз».

Турагенттиктердин биринин менеджери Салтанат Токсумакованын сөзү боюнча Кыргызстанга эс алууга бул жазда жана жайда келүү үчүн чет элдиктерден өтүнмө өткөн күздө эле келе баштаган. Бирок, суроо-талап январь айында эле белгилүү деңгээлде түшө баштаган.

«Биз кирешенин артынан кууганды коюп, бул кырдаал башталганда эле сатууларды токтоттук. Менин тажрыйбам боюнча мындай учурда күтүп туруу гана керек, - дейт Токсумакова. – февралда эч кандай тур саткан жокпуз. Жалаң гана авиабилеттерди гана саттык. Ошону менен катар, төлөнгөн турларга сумманы кайтаруу жок, бул форс-мажор кырдаалы. Бшка учурга гана жылдырса болот, ошондо да кайсы мөөнөттө жылдырылаары белгисиз. Отелдер авиабилеттерди күтүшүүдө, авиакомпаниялар мамлекет асманды качан ачат деп күтүп жатат».

Эч кандай сатуу болбогондугунун айынан агенттиктердин кызматкерлери акча төлөнбөгөн өргүүгө чыгууга аргасыз болушту. Бирок, алардын жумушчу орунуна кайра келээрине эч ким кепилдик бербейт. Токсумаковой, сөзү боюнча Кырызстандын турфирмаларынын үчтөн бир бөлүгү толугу менен жабылууга муктаж.

Бийликтин жогорку жагында жылдан жылга Кыргызстанда туризмди гана экономиканын артыкчылыктуу багыты кылуу керек деген билдирүүлөр болгондугуна карабастан, тармак кептелген көйгөйлөрдү чечүүгө кандайдыр бир кам көрүү байкалбай келет. Бүгүнкү күнү республикада 600 фирма бар. Анын ичинде гиддердин бирикмеси, транспортчулар, рестораторлор, боз үй шаарчалары жана конок үйлөрү биригип – 11 миңдей субъект бар. Тармакта иштеген кишилердин так саны билгисиз. Профилдик ведомстводо 100 миң адам жөнүндө кеп болууда дешүүдө. Мамлекеттик колдоону алар жалпы негизде, экономиканын башка сектору аркылуу – кредит жана салык төлөмдөрүнөн үч айга каникул катары алышты.

КР Туризм ассоциациясынын төрагасы Эрмек Мырзабековдун сөзү боюнча орточо эсеп менен чакан турагенттик айына 100 миң сом таап турган, ал эми азыр сатуулар жок, жалаң гана чыгымдар.

«Мөөнөтүн ийинкиге калтыруу эч кандай көйгөйдү чечпейт, убакытты гана жылдырып коет. Бизге иштегенге уруксат берди, бирок чыныныда биз эч нерсе сата албайбыз. Бул дагы 3-4 ай уланат, 3 айдан соң салыктарды бир чогултуп төлөшүбүз керек болот. Ал маалда биз эч кандай акча иштеп таппайбыз, ошондуктан бул эч кандай жеңилдетүү эмес», – дейт Мырзабеков.

Анан да, кызматкрлеринин айлыгын сактап калууну чечкен ири турагенттиктер дагы деле салыктарды жана социалдык төлөмдөрдү төлөп келүүдө.

Эмиль Уметалиев. Фото: Facebook.com

«Эки айдан бери эч кандай киреше жок, бирок, кызыгы, биз салыкты төлөп келүүдөбүз, – дейт «Kyrgyz Concept» компаниясынын президенти Эмиль Уметалиев. – Персоналды кармап калуу үчүн айлыктарын төлөп келе жатабыз, чындап келгенде бул жөлөкпул да. Эмгек акы эмгек үчүн төлөнөт, бирок эч кандай иш жок, демек, бул чындап келгенде мамлекет тарабынан жасала турган иш. Бирок анын колунан келбей жатат, биз бири-бирибизди колдогонго аракет кылып жатабыз, мамлекет мындай кырдаалда бизден салык жана социалдык төлөмдөрдү албашы керек болчу. Бирок ал алып жатат, жана мындай караганда ушинте барат. Бул абсурд».

Уметалиевдин сөзү боюнча коронавирустун айынан бир жылдан ашык иштеп чыккан миллиондогон долбоорлор токтоп калды, ал долбоорлор бул жылга гана эмес 2021-жыл жана 2022-жылдарга да иштелген долборлор болчу. Бул компания менен кызматташуудан миңдеген кыргызстандыктар киреше алышчу. Алсак, атка минүүнү, улуттук ашкананы уюштуруучулар, конок үйлөрүнүн ээсинен официант жана айдоочуларга чейин.

Мурдагы экономика министри, Жогорку Кеңештин азыркы депутаты Акылбек Жапаровдун сөзү боюнча ИДПнин 50%ы кызмат көрсөтүү жана соода-сатыкка туура келет, анын басымдуу бөлүгү болсо туризмге тиешелүү. Бардык тармак толугу менен тыштан келген туристтерге ылайыкталган, мындай жагдай мамлекеттин мүмкүнчүлүгүнүн чегиндеги факторлорго көз каранды кылууда.

«Мындай багытталгандык бизди абдан жаман абалга калтырды, – дейт Жапаров. – Кризиске бир гана коронавирус эмес, биздин экономиканын структурасы, мамлекетти башкаруу системасы дагы алып келди. Керек нерсенин 70%ын чет мамлекеттен алып келебиз. Чек аралар бир күндүн ичинде жабылып калаарын коронавирус көрсөтүп койду».

«Чыгымдар масштбдуу болот, бирок бюджетке кирешенин түшпөшү катары эмес, жумуш менен камсыздоо жагы, – деп сөзүнулайт ал. – Эгерде Кыргызстандын ИДПсынын төрттөн бир бөлүгү көлөкөдө болсо, анда кызмат көрсөтүү жана соода-сатык секторундагы кирешенин 80:%ы көмүскөдө. Өтө көп адамдар жумушсуз калышат. Ал эми экономиканы колдоо үчүн өкмөттөн бөлүнгөн 14 млрд сомдон эч ким эч кандай натыйжа сезбейт деле».

Фото: Tripadvisor

Жапаровдун сөзү боюнча учурда Кыргызстан салык түрүндө 33 млрд сом жоготту. Жылдын аягына чейин МСК бул цифранын 43 млрд чейин өсүүсүн божомолдоп жатат. Өтө аянычтуу абал – туристтик тармактагы кырдаал.

«Ушул эле кытайда 25 млн туристтин ичинен 4 млн туристи гана чет өлкөлүктөр, калган 21 млн өзүнүн эл жарандары. Мына ушуну көз карандысыз туризм десе болот. Жергиликтүү туристтердин эс алуусуна кеткен каражаттын бир бөлүгүн мамлекет төлөгөндөй программа зарыл. Ички туризмди өнүктүрүү үчүн түндүк-түштүк авиарейстеринин санын көбөйтүп, заманбап, ыңгайлуу автобустарды сатып алуу керек», – деп сунуштайт Акылбек Жапаров.

Ички туризмди өнүктүрүү жөнүндө өкмөттө да сөз болууда. Бул жол менен 2019-жылдын кирешесинин көлөмүнүн эч болбосо 30%ын толтуруу пландалууда. Максата Дамир уулунун билдирүүсү боюнча чет өлкөдө эс алуу үчүн кыргызстандыктар өткөн жылы 350 млн доллар сарптаган. Кыргызстанда 1-июндан баштап жайкы туристтик сезон ачык деп расмий жарыяланды.

Активдүү жарандарды тартуу үчүн «Ардактуу турист» наамы белгилеген. Аны алуу үчүн өлкөнүн 10 кызыктуу жерине: Бурана мунарасына, «Өзгөн», «Таш-Рабат» тарыхый комплексине, «Сары Челек», «Арсланбап», «Сулайман-Тоо» коруктарына ж.б. жерлерге барып, сүрөткө түшүү сунушталууда.

Кээ бир эксперттер бул идеяны андай эле сүйүнүү менен кабыл алышпады. Алардын сөзүнө караганда жашоочулардын абдан чоң бөлүгүнүн эмгек булагы жана сактаган акча каражаты жок. Адамдар өтө зарыл эмес нерсе катары туризмден да акча үнөмдөшөт деген пикирде эксперттер.

Турбизнес антикризис планынын алкагында Өкмөткө 2020-жылдын аягына чейин салыктан толугу менен бошотуу өтүнүчү менен кайралган. Эгерде кандайдыр бир киреше алганга мүмкүнчүлүк болсо, алардын сөзү боюнча, жашаганга каражаты жок калган өзүлөрүнүн персоналына төлөмдөрдү төлөгөнгө сарпташат. Туризм департаменти менен биргеликте иштелип чыккан документ бүгүнкү күнү өкмөттүн кароосунда жатат. Кредиттерди төлөөдөгү пайда болгон кыйынчылыктардын айынан ишкерлер Улуттук банкка жеңилдиктерди суроо боюнча кайралганы жатышат. Кандай жеңилдиктер жөнүндө сөз болуп жаткандыгы али белгисиз. Калган жайкы эс алуу убагында турбизнестин өкүлдөрү КМШ өлкөлөрүнүн туристтерине басым жасоону ой кылышууда. Бул үчүн пансионаттар менен биргеликте турпакеттердин бирдиктүү планын иштеп чыгуу жана эл аралык деңгээлде кеңири рекламалоо пландалып жатат. Мындан бөлөк, Борбор Азия өлкөлөрүнүн туроператорлору менен бирдикте региондун бардык өлкөлөрүн камтый турган Жибек жолу боюнча туристтик долбоорлорду иштеп чыгууну ниет кылышууда. Бирок, бул жылы андай продуктту сатууга кардар жок.