Финпол: Кампада катылды деген дарылар дарыканаларга таратууга сакталып турган

  • 4 года мурун

Бишкекте ири фармкомпаниянын кампасынан табылган дары-дармектер боюнча экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) иликтөө жүргүзүп, дарылар атайын катылбаганын аныктады.

Бул тууралуу финполициянын басма сөз кызматы билдирди.

Андагы маалыматта кампада табылган дары-дармектер дарыканаларга таратуу үчүн кампада сакталып тургандыгы белгиленди.

Буга чейин «дарылардын баасын атайын көтөрүп, жасалма таңсыктык жаратуу» фактысы менен сотко чейинки ачылгандыгын, Бишкектеги ири фармкомпаниянын кампаларын текшерүүгө алгандыгы айтылган. Бирок, ишкананын аты аталган эмес.

Премьер-министр Кубатбек Боронов 14-июлда онлайн брифингде дары-дармек баасфн негизсиз кымбаттаткан, мыйзамсыз ташылып келген жана катып жаткан товарлар боюнча 27 факт катталганын билдирген.

Кампадан коронавируска чалдыккандарга зарыл керектүү левофлоксацин, инговерин, арбидол, эргоферон, цефтриаксон, кардиомагнил, тромбо асс, гепарин, клексан ж.б. дарылар катылып турганын, ал иш боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылганын билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты