​Россиялык медицина адистери менен жолугушуу

  • 4 года мурун

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова россиялык медициналык адистер менен жолугушту

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Роспотребнадзордун Борбордук эпидемиологиялык илимий-изилдөө институтунун федералдык бюджеттик илимдер мекемесинин клиника-аналитикалык иштер боюнча директорунун орун басары, профессор Наталья Пшеничная, Башкортстан Республикасынын саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустовдун жетекчилиги астындагы россиялык дарыгерлердин тобу менен жолугушту.

Россиялык делегация Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине 50 миң иликтөөгө керектелген ПЧР-тесттерди жана реагенттерди берди.

Россиялык дарыгерлердин тобунда реаниматологдор, инфекционисттер, пульмонологдор жана отоларингологдор бар, алар аймактарга барышып, жеринде коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоого катышат, ошондой эле аймактардагы дарыгерлер үчүн вебинарларды өткөрөт.

Жолугушууга саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жана өлкөнүн медициналык мекемелеринин жетекчилери катышты.

Сүрөт:gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты