​COVID-19: Бир суткада 921 учуру катталды. 42 бейтап каза тапты,1247 киши айыкты

  • 4 года мурун

24-июлдагы маалымат боюнча Кыргызстанда бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 921 учуру катталды.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 273;
Ош – 75;
Чүй облусу – 140;

Ош облусу — 91;
Талас облусу — 25;
Нарын облусу – 22;
Ысык-Көл облусу – 107;
Жалал-Абад облусу – 138;
Баткен облусу — 50.

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 31 247 ге жетти.

Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.

1247 киши ооруканадан сакайып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны -18 038ге жетти.

Бир сутка ичинде 42 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны -1211 (пневмонияны эсепке алганда).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты