​“Кызымды жакшы көрөрүмдү айта баргыла” деп көзү өттү деген жаран аман калган

“Кызымды жакшы көрөрүмдү айта баргыла” деп ыктыярчы кызга айтып, көз жумду деген жаран аман калган.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

-“Жети минут жетпей калды, ооруган адамдын өмүрүн сактай албай калдык» деген маалыматтагы киши аман калган. Кечээ Жоломан Карымшаков ыктыярчыга ыраазычылыгын билдирди, -деп айтылат маалыматта.

-Аталган окуя социалдык түйүндөрдө жарыялангандан кийин ИИМдин тергөө кызматы окуянын чоо- жайын жана ал кайсы ооруканада кабыл албай койгондугун текшерүү максатында, фактыны кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, ыкчам иликтөө иш чараларын баштаган.
Алдын ала иликтөөнүн жүрүшүндө Айдана Мурзаева “Жаштар демилге борбору” коомдук уюмуна ыктыярчы болуп жаткандыгын, 16-июлда саат 22:50дө Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунда көчөдө бир киши эс- учун жоготуп жатат деген маалымат түшүп, ал жерге барышканын, ал жакка барганда ал кишинин дем алганы кыйын болуп жаткандыктан, түнкү стационарга алып барышкандыгын билдирген.

Стационардагы врачтар бош орун жок экендигин билдиришкен, бирок «убактылуу болсо дагы башка ооруканага жаткырганга чейин кычкылтек концентраторуна кошуп тургулачы» деген суранычтан улам, ал кишини стационарга алып киришкен.

Арадан он мүнөт өткөндөн кийин стационардагы иштеген дарыгерлердин бири, “силер алып келген адамдын жүрөгү токтоп, каза болуп калды” деп билдирген. Ал кишинин кыска убакытка клиникалык өлүм абалында болгондугу айтылууда. Ыктыярчылар кеткенден кийин тиги жаран кайрадан эсине келген.

Аман калган киши жердиги Ат- Башы районунан, учурда Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жашаган 45 жаштагы Жоломан Карымшаков экендиги аныкталды.

Карымшаковдун айтуусунда: “2020-жылдын 16-июль күнү саат болжол менен 22:00 чамасында мас абалда жүрүп, кан басымым көтөрүлүп Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунан жолдо жатып калдым, анан мени ыктыярчылар өздөрүнүн машинасына салып ооруканага алып жөнөштү. Жолдо келе жатканда эсимди жоготуп, бир өзүмө келип, машинадагы бир кызды карап, «Менин кызымдай экенсин, мен кызымды жакшы көрөмүн, эгерде мен өлүп калсам, кызыма айтып койчу атаң сени жакшы көрөт деп» айтып, эсин кайрадан жоготуп койгондугун билдирген.

Бир убакта көзүн ачса, ага капельница коюп коюшкандыгын, ошондо өзүн ооруканада жатканын билип, капельница бүткөндөн кийин ал жактагы медициналык кызматкерлердин уруксааты менен үйүнө кеткен.

Социалдык тармактарда буга чейин «кыйналган кишини сактай албай калдык, жети мүнөт жетпей калдык» деп ыйлаган ыктыярчы кыздын видеосу тараган. Тилекке жараша, алар жардам берген киши аман калгандыгы ИИМ тарабынан ырасталган.

Сүрөттө: Ыктыярчы Айдана Мурзаева жана аман калган жаран

Сүрөт жана видео: ИИМ.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты