Бишкекте супермаркет түйүндөрү саат 21: 00 гө чейин иштей баштайт
- 4 года мурун
22-июлдан баштап Бишкектеги супермаркет соода түйүндөрүнө эртең мененки саат 7 ден 21:00 гө чейин иштөөгө уруксат берилди.
Бул тууралуу токтомго борбор шаардын мэри Азиз Суракматов кол койду.
Борбордо кафе жана ресторандар саат 10: 00 дон 20: 00 гө чейин иштейт. Базарлар 9:00 дөн 17:00 гө чейин иштейт.
Коомдук транспорт мурдагыдай эле 7:00 дөн 10:00 гө чейин жана 17:00 дөн 21:00 гө чейин иштейт, ишемби, жекшемби күндөрү иштебейт.
Батут оюндары, коомдук велосипед ижарага берүү, тойкана жана көңүл ачуу жайлары, балдардын оюн-зоок жайлары мурдагыдай эле иштебейт.
Муну бөлүшүү