COVID-19: Бир суткада 1108 учуру катталды. 44 бейтап каза тапты, 984 киши айыкты

  • 4 года мурун

22-июлдагы маалымат боюнча өлкөдө бир суткада COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын 1108 учуру катталды.

Анын ичинде катталган жаңы учурлар:

Бишкек — 324;
Чүй облусу – 176;
Талас облусу — 61;
Нарын облусу – 35;
Ысык-Көл облусу – 229;
Жалал-Абад облусу – 93;

Баткен облусу — 58.

Коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 29 359ге жетти.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бир сутка ичинде 984 киши сакайып, ооруканадан чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны — 15 851ге жетти.

Бир сутка ичинде 44 бейтап каза тапты (пневмонияны эсепке алганда).

COVID -19 инфекциясынан каза болгондордун жалпы саны — 1113 (пневмонияны эсепке алганда).

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты