Түркмөнстанда коомдук жайлар августка чейин жабылды

  • 4 года мурун

Түркмөнстанда ири соода борборлор, базарлар, театрлар, кызмат көрсөтүү ишканалары, сейил бактар жана спорттук жайлар 1-августка чейин жабылды.

Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ресторан, ашкана жана башка коомдук тамактануу жайлары тамак-ашты үйгө жеткирип берүү шарты менен иштеши керек. Мындан тышкары эл көп чогулган жайларда адамдар ортосунда эки метрлик аралык сакталышы зарыл.

Бийлик мындай чараларды жугуштуу оорулардын алдын алуу иштери менен түшүндүрүүдө.

Мындан бир канча күн мурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Түркмөнстанга келип кеткен өкүлдөрү Ашхабадды бир катар чараларды көрүүгө чакырган.

Өлкөдө 14-июлдан тартып жүргүнчүлөр үчүн темир жол каттамдары токтотулган. Өткөн жумада саламаттык сактоо тармагынын адистери жарандарга беткап кийүү керектигин эскертишкен.

20-июлда «Азаттыктын» түркмөн кызматы Ашхабаддагы ооруканалар пневмония менен ооруган бейтаптарга толуп калганын, медициналык кызматкерлер оорудан көзү өткөн адамдарды моргго жеткирип үлгүрбөй жатышканын кабарлаган.

Түркмөн бийлиги бүгүнкү күнгө чейин өлкөдө коронавирус жок экенин билдирип келет.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы.

Сүрөт: Reuters.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты